Россия бийлиги мурда кирүүгө тыюу салынган 300 миң мигрантка кайтып келүүгө уруксат берди

Россия бийлиги мурда кирүүгө тыюу салынган 300 миң мигрантка кайтып келүүгө уруксат берди.

Алар Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары экенин Мигранттар федерациясынын башчысы

Вадим Коженов билдирди. Өзбекстандын 150 миң, Тажикстандын 150 миң жаранына мунапыс берилди.

Мындай кадамга барууга жумушчу күчтүн тартыштыгы себеп. Кызыгы, 10 жылга чейин өлкөгө

кирүүгө тыюу салынган мигранттарга дагы жеңилдик берилди.