Жалал-Абад шаарында төрөлгөн үч эмге 2 бөлмөлүү батир берилди.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, турак жай жергиликтүү бийлик
тарабынан ыйгарылды жана бул максатта бюджеттен 1 миллион 800 миң сом бөлүнгөн.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад шаарында үч ымыркай 31-мартта төрөлгөн.
Буга чейин алардын апасы 5 баласы менен ижарада,
бир бөлмөлүү батирде күн кечирип келген.