Бишкектин абасын тазалоо үчүн 60 миң бак отургузуу зарыл

Ордо калаанын абасын тазалоо үчүн 60 миң бак отургузуу зарыл.

Бул тууралуу Бишкекте өткөн тегерек столдо мэриянын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов билдирди.

Бул дарактарды багуу жана сугаруу үчүн шаарга 22 скважина керек.

Быйыл мэриядан акча бөлүнүп, кудуктар казыла баштады, — деди ал.

Маалыматка ылайык, скважина маселеси кийинки жылы чечилиши мүмкүн.