Кыргызстандын ички дүң продукциясы болжол менен 506 млрд сомду түздү

Ушул жылдын сегиз айында Кыргызстандын ички дүң продукциясы болжол менен 506 миллиард сомду түздү.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу республиканын ИДПсы 37,5 миллиард сомго же 8 пайызга өстү.

Жыл башынан бери өнөр жай тармагы 266 миллиард сомдук продукция чыгарды.

Ал эми бул былтыркы көрсөткүчтөрдөн дээрлик 41 миллиардга же 18 пайыздан көп.

Курулуш секторунда да оң тенденциялар байкалган.