Бишкектин айланасында 12 санитардык пункт жайгаштырылды

Бишкектин айланасында 12 санитардык пункт жайгаштырылды.

Тиешелүү буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койду. Мэриянын маалымат

кызматынан билдиришкендей, санитардык постторго тиешелүү мамлекеттик органдардын

112 кызматкери тартылды. Анда шаарга кирген жарандардын дене табы өлчөнөт.

Курч респиратордук ооруга шектелгендер обсервацияга жөнөтүлөт.

Ал эми азык-түлүк ташыгандар үчүн «жашыл коридор» камсыздалды.