Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланган аймактарга аскер кызматкерлери киргизилет

Кыргызстанда өзгөчө абал жарыяланган аймактарга аскер

кызматкерлери киргизилет. Алар анын шарттарын аткаруу жана

адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кызматта болушмакчы.

Учурда аскер кызматкерлеринин саны жана тийиштүү каражаттары жетиштүү.

Эске салсак,  Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын,

Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.