Жарандардан аймактарга кирүүдө коронавирус жоктугун аныктаган маалым кат талап кылынбашы керек.
Бул Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритмге дал келген учурларды эске албаганда
деди, — биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Ал белгилегендей, мамлекеттик жана
жергиликтүү бийлик органдары республикалык штабдын кабыл алган чечимдерин толук аткарышы керек.
Эске салсак, буга чейин Ысык-Көл облусунда жарандардын кирип-чыгуусуна тыюу салынып,
коронавирус жогун аныктаган маалым кат талап кылынган.
Буга байланыштуу облус башчысына эскертүү берилди.