«Бишкек суу канал» ишканасынын маалыматы боюнча, саат 9:00дөн 15:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарда суу болбойт:
Ала-Арча суусу, темир жол, Жибек Жолу жана Жаш Гвардия проспектилери;
Жаш Гвардия, Манас проспектилери, темир жол, Фрунзе көчөсү;
Ала-Арча суусу, Дэн Сяопин, Бөкөнбаев, Кулуев, Москва, Фучик, Казаков көчөлөрү.
Бул күнү «Батыш-2» суу кампасы жана шаардын суу түтүктөрү оңдолот.
Муниципалитет келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, суу алып коюуга чакырды.