Бишкек ЖЭБинин кызматкеринин абалы канааттандыраарлык.
Бул тууралуу «Азаттыкка» «Электр станциялары» ишканасынын
басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматында,
бейтаптын абалы жакшы. Учурда Травматология борборунда
дарыланууда. Дарыгерлер анын денесинин 4 пайызы күйгөнүн,
абалы оор эмес экенин билдиришти. Кошумчаласак, жумушчу кечээ иштеп жатып,
оңдолгондон кийинки жандыргычты чогултуу учурда токко урунду.
Учурда кырсыктын чоо-жайын атайын түзүлгөн комиссия териштирип жатат.