Президенттин жаңы администрациясынын курулушу башталды. Жалпы аянты 21 миң чарчы метрди түзө турган имараттын курулуша капсуланы Садыр Жапаров салды.
Өлкө башчынын басма-сөз кызматынан белгилешкендей, бардык мамлекеттик органдар бир административдик комплексте жайгашса, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездейт.
Белгилеп кетсек, президент администрациясынын жаңы имараты кышында бузулган “Ысык-Көл” мейманканасынын ордунда салынып жатат.