Бүгүн Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

Бүгүн Ош жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт.

Novosti.kgге “Ошэлектро” ишканасынан билдиршкендей, жарык кечки саат 5ке чейин Баткен, Лейлек, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу райондорунда жана Ош шаарындагы 20га чукул көчөдөгү көп кабаттуу үйлөрдө жок болот.

Мунун себеби пландуу ондоо иштерине байланыштуу.