Бишкектин айрым аймактарында жарык жок болот.
“Түндүкэлектрден” билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 6га чейин
Месарош, Абдымомунов, Эркиндик, Жукеев-Пудовкин, Карасаев, Элебаев, Медеров,
Садовый, Курманжан Датка, Жибек Жолу, Токтогул көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө,
Арча-Бешик, Ак-Бата жана Рухий-Мурас конушунда жарык өчүрүлөт.
Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.