Оренбург облусунда калып калган мекендештер Кыргызстанга келди

Оренбург облусунда калып калган мекендештер Кыргызстанга келди. Россиядагы биздин  өлкөнүн элчилигинен билдиришкендей, 541 жаран атайын автобустар менен Казакстан аркылуу кайтты.

 

Эми алардын бардыгы обсервацияга жаткырылат. Эске салсак, Казакстан өз аймагынан “жашыл коридор” уюштуруп берүүгө бир шарт менен макул болгон – кыргызстандыктар жеке унааларын Соль-Илецк шаарында калтырышы керек болчу.

 

70 адам машинелерин таштагысы келбей, карантин аяктагандан кийин гана сапарга чыгууну туура көрдү.