Бишкекте пандемиядан улам 71,5 миң объектилер ишин токтотту

 

Бишкекте пандемиядан улам 71,5 миң объектилер ишин токтотту.

Натыйжада анда иштеген 155 миң адам убактылуу жумушсуз калды, — деди

вице-мэр Алмаз Бакетаев. Анын айтымында, мындан улам жыл башынан

бери мамлекеттик бюджетке алгачкы төрт айда болжолдонгон 3,2 миллиард сомдун,

2,3 миллиард сому гана түштү. Салык негизинен орто жана чакан ишканалардан жана

патенттен түшөт. Шаар бюджети социалдык жактарды каржылоого жумшалат.