Нарын облусунун Жумгал районундагы тарыхый-этнографиялык
музей оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу музейдин директору Болот Алиев билдирди.
Анын айтымында, имаратты кайра калыбына келтирүүгө 10 миллион сом керек болчу,
анын 2 миллион сому гана табылып, каражат өкмөттүн түрткү берүүчү
грантынан берилди. Бул сумма музейдин бир тарабын оңдогонго гана жетет.
Башка капталынын шыбы түшүп калуу коркунучунда турат.