Караколдо 10 күнгө коомдук тамактануу жайларын жабуу сунушталды. Облустук администрациянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, өкмөттүн аймактагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова кафе-ресторандардын ээлери менен жолукту.
Чиновник бизнес өкүлдөрүн жарандык позициясын активдүү көрсөтүп, жок дегенде 10 күнгө иштебей турууну сунуштады.
Шаарда абал турукташканда, кафе-ресторандар кайра ачылат, — деди Үсөнова. Ал эми коомдук тамактануу жайлардын ээлери кандай чечим кабыл алды, такталбайт.