Бишкектин  Ала-Тоо аянтында 29 кабаттуу эки имарат куруу пландалууда

Бишкектин  Ала-Тоо аянтында 29 кабаттуу эки имарат куруу пландалууда. “Кабар” агенттигине долбоордун менеджери Нурбек Болатбеков билдиргендей, Ала-Тауэр комплексинин биринчиси күйүп кеткен мурдагы башкы прокуратуранын ордуна курулат.

 

Экинчи имарат анын маңдайында, Арабаев университети тарапта жайгашат. Аларда соода түйүндөрү, коммерциялык жайлар жана кеңселер жайгашат.

 

Ал эми бир кабатында музей ачуу пландалууда. Долбоорго 20 миллион доллар инвестиция салынышы күтүлөт.