Бишкекте №47 колониянын ордуна көп кабаттуу үйлөрдү курууга 1 миллиард сом бөлүнөт.
Долбоорду Жогорку Кеңештин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети жактырды. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Аида Төлөгөнова билдиргендей, тилкенин жалпы аянты 8,8 гектарды түзөт. Бул жерде 5 миңден ашык батирлүү 11 турак-жай курулат.
Ошондой эле комплексте бала бакча, мектеп, унаа токтотуучу жай, спорт аянты жана жеке буу казаны болот деп пландалууда.