Электр энергиясы эле эмес, суу дагы

Электр энергиясы эле эмес, суу дагы. Энергетика министрлиги жылуулук жана ысык сууга тарифтерди дагы 25 пайызга көтөрүүнү сунуштады.

 

Алсак, жылуулукка калк бир гигакалорийге 1 миң 134 сомдун ордуна 1 миң 418 сомдон төлөп калат.

 

Ал эми ысык суунун тарифи 981 сомдон 1 миң 227 сомго кымбаттайт. Ведомстводон белгилешкендей, кийин инфляцияга жараша баалар өзгөрүшү мүмкүн. Тарифтер көп жылдан бери чыгымдарды дагы жаппай келет, — дешти министрликтен. Токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.