Мечиттерде жума намазын окуу токтотулду

Мечиттерде жума намазын окуу токтотулду.

Бул тууралуу Муфтий Максатбек ажы Токтомушев билдирди.

Анын айтымында, жума намаздын ордуна бешим намазы үйдө окулат.

Мечиттер жабылбайт, намаз убактысын билдирүүчү азан айтылып турат,

беш убак намаз үйдө окулат. Ошондой эле дааватка чыгууга убактылуу

чектөө киргизилди. Мындан тышкары жаназа намаздары маркумдун

жакын туугандарынын жана аз кишинин катышуусунда үйдө окулат.