Бишкектин “Ала-Тоо” аянтындагы башкы балаты алына баштады.
Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда кыш сулуусунун оюнчуктары жана
жасалгалары алынууда. Иштер аяктагандан кийин конструкция кампага жеткирилет.
Эске салсак, буга чейин “Ала-Тоо” аянтындагы инсталяциялар, Ак үй жана
филармониянын алдындагы балатылар демонтаждалган. Белгилеп кетсек,
мэрия каражатты үнөмдөө максатында балатыларды кооздоого эски оюнчуктарды колдонду.