АКШда коронавирустан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Президент Дональд Трамп коронавируска байланыштуу АКШда улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал 13-мартта Вашингтондогу кайрылуусунда Кошмо Штаттар дүйнөнүн башка аймактарына салыштырмалуу илдетке каршы жеткиликтүү чараларды көргөнүн айтты.

 

Ак үйдүн мындай чечими президентке жаратылыш кырсыктарынын кесепетин жөнгө салуу үчүн атайын бөлүнгөн 50 миллиард долларды колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле федералдык өкмөт штаттардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын эпидемияга каршы чараларын тескей алат.

 

АКШда COVID-19 вирусунан 40 адам каза тапты. Баш-аягы 1700дөй киши өпкөнү сезгенткен бул вирусту жугузуп алганы аныкталды.

 

Декабрь айында Кытайдан чыккан жаңы коронавирус дүйнөнүн кеминде 114 мамлекетине жайылды. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнө жүзүндө вирусту жугузуп алгандар 137 миңден ашты. Баш-аягы 5 миң киши көз жуумп, 70 миңдей адам айыгып чыкты.