Бишкекте үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат

Бишкекте үй-жайсыз адамдар үчүн баш калкалоочу жайлар иштеп жатат. Аларда көчөдө жашагандар түнөп, ысык тамак жеп, медициналык кароодон өтө алат. Мэриянын маалыматына ылайык, баш калкалоочу жайлар ордо калаанын бардык 4 районунда тең иштөөдө.

 

Ар бири болжол менен 60 кишиге ылайыкталган.