Бишкектин борбордук бөлүгүндө 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борбордук бөлүгүндө 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Мэриядан билдиришкендей, мындай арыз менен райондук сотко Биринчи май районунун акимиаты кайрылды. Сот бул чечимди мыйзамдуу деп таап, тынчтык чогулуштарына жана митингдерге тыюу салды.

 

Жыйынтыгында, Жогорку Кеңеш, Россия элчилиги, Ала-Тоо аянты, президент администрациясы жана УКМК имараттарынын алдында чогулууга болбойт.

 

Акцияларды өткөрүүгө Горький паркында гана уруксат берилет.