Жогорку окуу жайга кабыл алуунун босого упайын аныктоо үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары анализденет

Жогорку окуу жайга кабыл алуунун босого упайын аныктоо үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары анализденет. Бул тууралуу кененирээк Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

Негизги тесттен максималдуу ала турган упай бул 245 упай, максималдуу предметтик тесттер боюнча 150 упай. Бардык абитуриенттер тест тапшыргандан кийин биз эң биринчи цифраларды, эң биринчи анализди ким канча балл алды, канча адам катышты деген маалыматты министрликке беребиз. Анан атайын министрликтин буйругу менен босого балл аныкталат

 

Эске салсак, былтыр жогорку окуу жайга кабыл алуу босого упай 110 баллды түзгөн болчу.