Бишкектин дагы бир түйүнүндө жер астындагы таштанды челектери орнотулду

Бишкектин дагы бир түйүнүндө жер астындагы таштанды челектери орнотулду. Мэриянын маалыматына ылайык, урналар Токтогул – Панфилов көчөлөр кесилишинде пайда болду.

 

Мындай таштанды челектеринин өзгөчөлүгү алардын калдыктарды жер алдында сактоосунда. Буга чейин мындай өзгөчө урналар ордо калаанын Раззаков – Токтогул көчөлөр кесилишинде орнотулган болчу.