Ошто Масалиев көчөсүнүн жолу оңдолот

Ош шаарынын тамтыгы чыгып бараткан борбордук Масалиев көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, аталган жолдун Раззаков (болжолдуу «Каныкей эне» сейил багы) менен Шамшиев көчөлөрүнүн кесилишине чейинки бөлүгү оңдолот. Тагыраагы, асфальт төшөө, жол бордюрларын орнотуу, белги сызыктарын чийүү жумуштары жасалат.
Объектинин узундугу 3 чакырым, туурасы 25 метрди түзүп, курулуш иштерин кийинки жумадан тарта баштоо пландалууда.
График боюнча, реконструкциялоо иштери ушул жылдын күз айларына чейин аякташы керек.
Жолду реконструкциялоо жана кыймылдын схемасы алдын ала жарыяланат. Андыктан мэрия калаа тургундарынан жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.