Бишкектеги кыргыз-түрк форумунда бир катар документтерге кол коюлду

Бишкек шаарында өткөн Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын X кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

 

Кол коюлган документтердин тизмеси:

 

  • Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы тоо-кен тармагындагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргызстандын министрлер кабинети менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрө жаатында кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети жана Түркиянын Статистикалык институту ортосундагы статистика жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • Кыргызстандын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору менен Түркиянын Халал аккредитация агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү меморандуму;
  • кеңешменин протоколу.