Президенттикке талапкерлер үчүн кол топтоо барактарынын формасы БШКнын сайтында жеткиликтүү

Президенттикке талапкерлер үчүн кол топтоо барактарынын формасы БШКнын сайтында жеткиликтүү. Бул тууралуу 24 агенттигине Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

 

Анын айтымында, форманы баысп чыгарып, кол топтоону баштоо керек. Эске салсак, өлкөнүн башкы постуна талапкер өзүн колдогон 30 миң жарандын колун чогултушу кажет.

 

Бирок шарт боюнча кол тамга 65 миңден ашпайт. Мөөнөткө чейинки президенттик шайлоолор 10-январда өтөт.