Бишкектин экс-мэрлерине карата сот өкүмү чыкты

Бишкектин экс-мэрлерине карата сот өкүмү чыкты. Ленин райондук соту мурдагы калаа башчысы Кубанычбек Кулматовду 5 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирип, сот залынан бошотту.

 

Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Эске салсак, Албек Ибраимов “Коррупцияга” айыпталып кармалган.  Мурдагы мэр «Дастан» ишканасынын айланасындагы мыйзамсыз иштер,  пансионаттын сатылышы жана Бишкек мэри болуп турганда муниципалдык жерди жеке жана юридикалык жактарга берген.