Коррупцияга шек саналган Мирлан Амантуров үй камагына чыкты

Бишкек шаарынын коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров үй камагына бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу Амантуров сот ишине катышуу үчүн 2-июнда Биринчи май райондук сотуна келген учурда журналисттерге айтты.

 

Амантуровду 2020-жылы 30-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мэрия менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын ортосундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп камакка алган.

 

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы ал өзүнө караштуу ишкана аркылуу шаардын жолдорун оңдоо жана куруу иштери боюнча мамлекеттик сатып алууда жемкорлукка барган деп эсептейт.

 

Атайын кызмат билдиргендей, 2015-2019-жылдары Амантуров менен байланышы бар компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммага муниципалдык буюртмалар берилип турган жана ошол акчанын бир бөлүгүн ал өзүнө алып жүргөн. УКМК мэрия каржылоону өз убагында жүргүзгөнүнө карабастан жумуш толук аткарылбай келгенин билдирген.

 

Амантуров 2007-жылдан бери «Бишкекасфальтсервис» ишканасын жетектеп келген жана 2019-жылы мэриянын турак жай, коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэри болуп дайындалган. Былтыр парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан катышып, талапкерлер тизмесинде 41-катарда болгон.

Вице-мэр болуп турганда Амантуров «Мекеним Кыргызстандын» эсебине 35 миң сом салган. Мамлекеттик кызматта иштеп жатканда партияга акчалай жардам бергени мыйзамсыз деген дооматтарды четке каккан. Ал 2020-жылы августта бул кызматынан шайлоого байланыштуу кеткен.