Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар тузагынан 2 унаа куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 74-75-чакырымдарында 6 жүргүнчүсү менен машинелер калың кардан чыга албай калган.
Жерине атайын техника тартылып, кар тазаланды, айдоочулар сапарын улашты. Ошондой эле, Ош-Исфана унаа жолунда узун тыгындар жаралды. Жолчулар карды тазалап, трасса кыймылга ачылды.