Нарында Өсүмдүктөрдү коргоо карантини боюнча фитосанитардык лаборатория ачылды

Аталган лабораторияда өсүмдүктөрдү экспортко чыгаруу үчүн тиешелүү стандартка ылайык сертификаттар бериле баштайт.

«Бул жерде өсүмдүктөргө тиешелүү беш анализ чыгарылат. Ошондой эле жердин сапатын аныктоо максатында топурактын анализи текшерилет. Буга чейин анализдер Бишкекке жиберилип турган», — деп айтылат маалыматта.

Лабораторияны ачуу демилгеси Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуп киргенден кийин көтөрүлгөн. 2015-2016-жылы жер маселеси чечилип, планга киргизилген. Курулуш ишине өкмөт тарабынан 14 миллион сом жумшалганы маалым.