Кыргызстанда калкты каттоого 322 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда калкты каттоого 322 миллион сом бөлүндү. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, иштерге 28 миңге жакын оператор тартылды.

 

Белгилеп кетсек, эл каттоо калктын так санын билүүгө гана мүмкүнчүлүк бербестен, адамдардын жашоо шарты кандай болуп жатканын баалоого шарт түзөт. Алынган жыйынтык менен бийлик ар кандай маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди чыгара алат.

 

Эске салсак, калкты каттоо эртең, 25-мартта старт алып, 3-апрелге чейин уланат.