Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 миң 500 тонна буудай берет

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары 1 миң 500 тонна буудай берет.

 

Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алганда айтылды.

 

Андан тышкары, коронавируска каршы күрөшүү үчүн жеке коргонуу каражаттары тапшырылат.

 

Эске салсак, жайында күн катуу ысып жана сугат суунун жетишсиздигинен Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү азайды. Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча, буудайдын түшүмү 45,5 пайызга, арпаныкы 55 пайызга кыскарды.