Бишкектин көчөлөрүн курууга жана оңдоого 3 кытайлык компания ат салышууда

Бишкектин көчөлөрүн курууга жана оңдоого 3 кытайлык компания ат салышууда. Мэриядан билдиришкендей, кеп “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоору тууралуу болуп жатат.

 

Сынакка катышууга арыз таштаган фирмалар Кытайдан квалификациялык тандоодон өткөн. Эми Бишкек мэриясынын комиссиясы арыздарды карап, аткаруучу компанияны аныктайт. Эске салсак, долбоордун алкагында ордо калаада 60 көчө ремонттолуп, 5 көпүрө курулат.