Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы арзандоосун улантууда

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу материалдын баасы арзандоосун улантууда.

 

Өкмөт аппаратынын маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү отундун наркы литрине 2 сомго арзандашы күтүлөт. Баалардын андан кийинки өзгөрүүсү өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүккө жана дүйнөдөгү мунай заттын баасына көз каранды болот.

 

Кошумчалап кетсек, бүгүнкү күндө АИ-92 бензининин бир литри 37 сом 90 тыйын болсо, дизелдик отун 41 сом 90 тыйын турат.