Жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 81 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Жеке менчикке жана юридикалык тараптарга мыйзамсыз берилип кеткен

81 жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Анын жалпы аянты 327 гектарды түзөт.

Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүүдө жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө сатуу жана алуу,

жер салыгына төлөөдө негизсиз жеңилдиктер берилгени белгилүү болгон.

Өткөн жылы прокуратура кызматкерлери жер маселесине байланышкан

текшерүүлөрдү жүргүзүп, мыйзам бузулган 3 миң учурду аныктады.

Ошондой эле прокуратура тарабынан 1,5 миң акт толтурулуп,

274 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылды.