Бишкектин көчөлөрүн жарыктандыруу иштери уланууда.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, жыл жаңыргандан тартып
16 миң чакырым узундуктагы зым тартылып, 75 көчөгө 400 түнкү
чырак орнотулду. Андан тышкары, 5 конуштун 15 көчөсүндө
74 чырак пайда болду. Ошондой эле авариялык абалдар
жоюлуп, эски чырактар алмаштырылууда.