Бишкекти калың туман каптады

Бишкектеги калың туманга байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, трассаларды туман басып, көрүү кескин начарлады.

 

Андан улам, айдоочулар зарыл болбосо, алыс сапарга чыгуудан баш тартып, ылдамдыкты жогорултпай жүрүүсү кажет. Жөө жүрүүчүлөр болсо, жолду тиешелүү тилкелерден гана өтүшү керек.