Бишкектин клумбаларына бир жылдык 800 миң гүл отургузулат

Бишкектин клумбаларына бир жылдык 800 миң гүл отургузулат. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда сальвия, тагетес, петуния жана башка гүлдөрдүн түрлөрү Жеңиш сейил багына, Байтик баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине, Малдыбаев көчөсүнө жана башка жерлерге тигилүүдө.

 

Клумбалар улуттук орнамент, жылдыз, символикалык даталар сыяктуу композициялар менен толтурулат.

 

Мэрия жарандарды гүлдөргө аяр мамиле жасоого чакырат.