АКШ тургуну капчыгында 1 миллион доллардан ашык алып жүрүп, ал тууралуу билген эмес. Кеп лотерея билети тууралуу болуп жатат. Эркек билетти сатып алып, капчыгына салып ошол бойдон унутуп калган.
Дүкөнгө аялы менен азык-түлүккө барганда гана кокусунан эстеп кеткен. Жыйынтыгында, ал 2 жумадан бери 1 миллион долларды көтөрүп жүргөн.
Эми бактылуу эркек чоң утушту коротуунун пландарын түзүүдө.