Калкты жана турак-жай фондун каттоонун алкагында жарандардын жеке маалыматы сыр болуп сакталат

Калкты жана турак-жай фондун каттоонун алкагында жарандардын жеке маалыматы сыр болуп сакталат.

 

Буга Улуттук статистика комитетинен ишендиришти. Ведомстводон белгилешкендей, эгемен Кыргызстан тарыхында калкты каттоо өнөктүгү 3-ирет өткөрүлөт.

 

Акыркы каттоо 2009-жылы өткөн. Атайын даярдыктан өткөн каттоочулар он күн бою үймө-үй кыдырышат. Буга чейин маалымат кагаз түрүндө толтурулуп келген болсо, бул жолу алар атайын иштелип чыккан уюлдук тиркеме менен иштеп, маалымат автоматтык түрдө базага келип түшөт. Эске салсак, эл каттоо 25-марттан 3-апрелге чейин өтөт.