Бишкектин коомдук транспортунда тарифтер көтөрүлгөндөн кийин пенсионерлерге жеңилдиктер сакталат. Шаардык кеңештин маалыматына ылайык, эртең мененки саат 8ден кечки 9га чейин маршруттук таксилерде пенсионерлерге жол кире 8 сомду түзөт.
Ал эми автобус, троллейбустарда пенсия күбөлүгү болсо, акысыз жүрө алышат. Окуучуларга жеңилдиктер каралган эмес.
Алар тарифти толугу менен төлөшү керек. Эске салсак, 1-ноябрдан тарта маршруттук таксилерде жүрүү акысы 15 сом болсо, автобус, троллейбустарда 11 сом болот. Мындай чечимди шаардык кеңештин депутаттары кабыл алган.