Кыргызстанда 30-июль COVID-19дан каза тапкандарга карата улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыргызстанда 30-июль COVID-19дан каза тапкандарга карата улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков билдирет. Учурда өлкө боюнча коронавирус жана

пневмониянын 33 миң 296 учуру катталды. Алардын 21 миңден ашыгы айыгып чыкса,

1 миң 301 бейтап каза тапты. Улуттук аза күтүү күнүндө оюн-зоок иш-чаралары өткөрүлбөйт.

Өлкө боюнча, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө мамлекеттик туу түшүрүлөт.