Быйыл электр энергиясына тарифтер көтөрүлбөйт

Быйыл электр энергиясына тарифтер көтөрүлбөйт. Буга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишендирүүдө. Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшүү жүрүп жатканына карабай, кышка даярдык өз маалында башталышы керек.

 

Андан тышкары, адистер быйыл суунун аз келүү мезгили болорун эскертишкен. Божомолдорго ылайык, Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү   15 миллиард 600 миллион кубометрден ашпайт. Бул энергетиктерге көмүр, газ жана мазутту адаттагындан көбүрөөк камдашы керектигин билдирет, — деди Абылгазиев.