Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 120 миллион сомго завод ачылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 120 миллион сомго завод ачылды.

Өндүрүш Оттук айылында пайда болду, — деп билдиришти жергиликтүү администрациядан.

Заводдун ишке кириши менен жергиликтүү тургундарга 30га жакын жумуш оруну түзүлүп,

маяналары 20 миң сомго чейин жетет. Андан кургак курулуш материалдарынын 17 түрү өндүрүлөт.

Курулуш иштерин жүргүзүүгө, Көк-Мойнок аймагынан 7 гектар жер бөлүнүп берилген.