Кыргызстанда дыйкандар жана фермерлер жер салгынан бошотулат.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында,
айыл чарбасына байланыштуу жарлыкка кол коюлду. Ага ылайык,
дыйкандар менен фермерлер 2022-жылдын 1-январынан баштап
сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабык жерлерге салык төлөбөйт.
Төлөнө турган салыкты өкмөт республикалык казынадан жабат.
Жарлык 3 жылга же 2025-жылга чейин күчүндө болот.