Бишкектеги коомдук унааларда санитардык талаптар күчөтүлдү

Бишкектеги коомдук унааларда санитардык талаптар күчөтүлдү.

Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, бул жаңы окуу жылы салттуу режимде баштала

турганына байланыштуу. Алсак, жумасына эки ирет рейд жүргүзүлөт.

Анда атайын жумушчу топтун кызматкерлери жүргүнчүлөргө коомдук

унааларда бет кап кийип, социалдык аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү

иштерин жүргүзөт. Андан тышкары, алар троллейбустардын салонунун тазалыгын,

айдоочуларды, колду тазалоочу санитайзерлердин абалын көзөмөлгө алат.

Бүгүнкү күндө Бишкектеги 127 троллейбус текшерүүдөн өттү.