Бишкектин Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына  32 жаран ат салышмай болду

Бишкектин Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына  32 жаран ат салышмай болду. Талапкерлерди каттоо аяктагандан кийинки  маалымат менен Борбордук шайлоо комиссиясы бөлуштү.

 

Жогорку Кеңештин депутаты болууга камдангандардын 27си эркек, бешөө аял. 11 жаран өзүнүн талапкерлигин кайра алып салган.

 

Ал эми алтоону БШК тийиштүү документтери жоктугуна байланыштуу четке каккан. Эске салсак, аталган район боюнча шайлоо округунан добуш берүү 28-майга белгиленди.